Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусу, Ош 17.06.2016 08:33

Ош шаарындагы көчөгө белгисиз эне жаңы төрөгөн кызын таштап кетти

Turmush -  Ош шаарында белгисиз эне жаңы төрөгөн кызын көчөгө таштап кетти. Маалыматка ылайык, 9-июнда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны М.Маматов жаңы төрөлгөн ымыркайды көчөдөн тапкан.

Анын айтымында, ымыркай 8-июнда саат 21:30 чамасында У.Салиева көчөсүндөгү №43 үйдүн алдына ташталган.

Жаңы төрөлгөн наристе Ош шаардык төрөт үйүндө дарыгерлердин кароосунда болууда. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×