Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 16.06.2016 18:27

Фото - Көпүрө кулап, жолдор жарактан чыккан Нарын шаарында жамгыр жаап, кооптуу абал уланууда

Turmush -  Бүгүн, 16-июнда түштөн кийин Нарын шаарында кайрадан нөшөрлөгөн жамгыр башталды. Эки күндөн берки суу каптоодон «Салкын-Төр» жаратылыш паркы жабыркап, тилкедеги унаа жолдун жарымын суу жеп кеткен. Ошондой эле, парктагы көпүрө жарактан чыкты.

Аталган парктын башкы токойчусу Нурлан Курманкожоев менен ага илимий кызматкер Үмүтбек Исмаилов кайра башталган жаандан улам Салкын-Төр суусунун деңгээли көтөрүлүп, жолду толук жууп, тилкедеги дамбаны алып кетиши мүмкүн экендигин билдиришти. Эгерде дамбаны суу жууп кетсе, ага чукул жайгашкан меймандарды тосуучу комплекс дагы жарактан чыгат.

«Салкын-Төрдүн» кызматкерлери селдин алдын алуу жана кайра калыбына келтирүү иштерин өз күчтөрү менен жүргүзүп жатышат. Техника бөлүнгөн эмес.

Видео, фото - Нарын дарыясынын деңгээли кооптуу абалга жакындап калды

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды (фото)

Ат-Башыдагы селдин кесепеттери (фото)

ӨКМдин жетекчилиги абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн аймактарга жөнөп кетти

Каракол суусундагы көпүрөнү суу алып кетиши мүмкүн (фото)

Нарын дарыясынын деңгээли эки эсе көтөрүлдү (фото, видео)

Баш-Кайыңды айылында селди токтотуп калуу аракеттери уланууда (фото)

Тоңдогу катуу жаандан Темир-Канат айылындагы каналдын суусу көтөрүлдү  

Ат-Башыда катуу жаан жаап, тоодон агын суулар түштү (фото)

Фото, видео - Кочкорлуктар жүздөгөн гектар айдоо аянтын, Бишкек—Торугарт жолун суудан сактап калуу аракетинде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×