Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 16.06.2016 15:43

Адамдын репродукциясы борборунун бөлүм башчысы 18 миң сом пара менен кармалды (видео)

Turmush -  

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борборунун бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу 18 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июнь күнү бишкектик тургун милицияга арыз менен кайрылып, борбор калаадагы гинекологиялык борборлордун биринде коррупциялык көрүнүштөр орун алып жатканын билдирген.

Арыздануучунун айтымында, стационардан чыгарууда аталган борбордун жетекчилеринин бири операция жолу аркылуу төрөткөнү үчүн 18 миң сом акча сураган.

Айтылган маалыматты текшерүүдө аныкталгандай, медициналык борбордун бул кызматкери кассалык жана квитанциялык эсепке алууларды жүргүзбөстөн кош бойлуу аялдын туугандарынан мурда да 2 миң 500 сом алган.

Көрсөтүлгөн фактылардын жана чогултулган материалдардын негизинде, КР КЖКнын 313 (Пара талап кылуу) жана 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

13-июнда козголгон кылмыш иштин алкагында ИИМдин 5-башкармалыгы Октябрь райондук прокуратурасы менен биргеликте өткөргөн ыкчам-тергөө иш-чаралары учурунда Бишкектеги Адамдын репродукциясы кыргыз илимий борборунун бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу 18 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Тергөөнү Октябрь районунун прокуратурасы жүргүзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×