Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 16.06.2016 15:22

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен сойкукана табылды (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 16-июнга караган түнү Бишкекте «Түнкү көпөлөктөр» рейди өткөрүлдү. Рейдди Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана ШИИБдин райондук башкармалыктарынын опер кызматкерлери өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө оперативниктер Үсөнбаев көчөсү №97 үйдөгү батирде уюштурулган жашыруун жайга кирип барышты.

Батирде 5 сойку жана алардын 2 кардары болгон. Алардын баарын Бишкек ШИИБге алып келишти.

Кармалган кыздардын көбү мындай ишке барышын жумуштун жоктугуна шылташты. «Бизге жумуш бергиле, анан биз бул ишти таштайбыз. Биз тигүүчү же официант болгубуз келбейт», - дешти алар.

Айтымындарына караганда, кардарын бир саат тейлегени үчүн 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин алышат.

Ошондой эле, милиционерлер журналисттердин тобу менен чогуу Панфилов-Бөкөнбаев, Үсөнбаев-Бөкөнбаев, Правда-Токтогул жана Логвиненко-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги жашыруун жайларды текшеришти. Жыйынтыгында 20га жакын «элиталык сойкулар» жана алардын бир нече кардарлары кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×