Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуКочкор району 16.06.2016 11:42

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолун суу жеп кетүү коркунучу бар, - ӨКМ (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен Кара-Кужур суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ак-Кыя унаа жолунун 17-чакырымындагы жолдун жээгин жеп кетүү коркунучу жаралды.

Жааган жаандын кесепетинен Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 249-250-чакырымындагы унаа жолдун жээгин суу жеп кетүү коркунучу түзүлүп, учурда №955 жол тейлөө ишканасынын өкүлдөрү иштеп жатат.

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан 1 миң даана кап бөлүнүп, 1 миң литр дизель күйүүчү майын берүү күтүлүп жатат, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Аталган аймакта кырсыктын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жеринде жетекчилик кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×