Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 16.06.2016 11:10

Ош—Кара-Суу унаа жолунда жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Turmush -  Ош—Кара-Суу унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделип жатат.

Кара-Суу РИИБ маалымдагандай, 13-июнга караган түнү Кара-Суу районунун Телман айылында белгисиз унаа Киров айылынын тургуну Равшан Эшенкуловду сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Р.Эшенкулов кырсык болгон жерде каза болгон.

Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери учурда качып кеткен айдоочуну издөөгө алууда. Болжол менен жабырлануучуну «Хонда Жазз» унаасы сүзгөн.

Милиция кызматкерлери аталган айдоочу тууралуу билгендер болсо кабарлап коюуну суранат. Ишеним телефондору: (03232) 2-09-92, (0555) 85-97-01, (0550) 70-88-70.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×