Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусу, Токмок 16.06.2016 09:53

Чүй облусунда катуу шамал катталды

Turmush -  Кечээ, 15-июнда саат 20:05 чамасында Токмок шаарында секундасына 29 метрге жеткен катуу шамал катталды. Бул тууралуу өКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, М.Горький көчөсүндө «Тойота» үлгүсүндөгү унаанын үстүнө бак кулап түшкөн. Ошондой эле Ломоносов көчөсүндө бактар жыгылган. Шамал боюнча арыздар түшсө, Токмок шаардык жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшөт.

Министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков Чүй облусунда кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштерине жетекчилик кылып жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×