Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусу 16.06.2016 09:28

Нарында «Бугу-Марал» коругунун тосмосун суу алып, 6 бугу сыртка чыгып кетти

Turmush -  Нарын облусундагы «Бугу-Марал» коругундагы Ийри-Суу суусунун деңгээли жогорулады. Андан улам кечээ, 15-июнда узуну 10 метр, туурасы 4 метр болгон ички жайыттар менен байланыштырган көпүрөнүн сол жак тирөөч бетонун жана карагайдан жасалган бир кишилик көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле, коруктун тосмосун суу алып, 6 бугу сыртка чыгып кеткен. Андан тышкары, суунун жээгинде жайгашкан 8 боз үйдүн ичине суу кирген.

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана кесепеттерин жоюу үчүн Нарын токой чарбасынын, Нарын жаратылыш коругунун жана айыл аймактын өкүлдөрү иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×