Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Токмок 16.06.2016 08:32

Токмоктогу катуу шамалдан унаанын үстүнө бак кулады

Turmush -  Токмок шаарынын аймагында кечээ, 15-июнда саат 20:05 чамасында ылдамдыгы секундасына 29 метрге жеткен шамал болду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Токмок шаарынын М.Горький көчөсүндө унаанын үстүнө бир бак кулап түшкөн, деп билдирди ӨКМ.

Ошондой эле, М.Ломоносов көчөсүндөгү бактар жыгылган. ӨКМдин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×