Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 15.06.2016 20:33

Фото, видео - Кочкорлуктар жүздөгөн гектар айдоо аянтын, Бишкек—Торугарт жолун суудан сактап калуу аракетинде

Turmush -  Кочкордогу чукул кырдаал менен таанышып, тиешелүү чара көрүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келди. Министр суулардын деңгээлинин жогорулашынан жабыр тарткан айдоо аянттарын, унаа жолдорду, суу тосмолорду көрүп чыкты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Азыркы тапта Бишкек—Торугарт жолунун 252-чакырымын сактап калуу аракеттери көрүлүп жатат. Кара-Кужур жана Төлөк сууларынын деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам жолдун жээгин суу жеп баштаган. Кара-Кужур жана Төлөк суулары Орто-Токой суу сактагычына кошулат.

Өзгөчө кырдаалды алдын алуу иштерин №955 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат. Ушундай эле кооптуу абал Бишкек—Торугарт жолунун 200-чакырымында бар.

Бул аймактагы абал менен таанышкан К.Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күйүүчү-майлоочу май менен камсыздай турганын айтты.

Ошондой эле, К.Боронов Көк-Жар айылындагы суу каптап кетүү коркунучу бар айдоо аянттарды көрүп чыкты. Бул айылдын тургандары эртеден бери айдоо аянттарын сактап калуу аракетин көрүп жатышкан. Суунун деңгээлинин жогорулашы андагы 100 гектардан ашык айдоо аянтын каптап кетүү коркунучун жаратууда. Министрлик тарабынан 200 кап берилип, жергиликтүүлөр суунун агымын тосуу аракетин көрүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, К.Боронов министрликтин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоевге Ак-Кыя, Соң-Көл айыл аймактарына күйүүчү-майлоочу май бөлүп берүүнү тапшырды.

Ал эми, Ак-Кыя айыл аймагынын башчысы Нурлан Керимкулов Сары-Булак, Шамшы айылдарынын тургундарынын турак жайларын коргоо максатында, Кара-Кужур, Бузулган-Суу, Чоң-Туз сууларынын жээктерин бекемдөө үчүн 200 даана габиондук торчо берүүнү суранды. Габиондук торчо менен камсыздоону министр К.Боронов Т.Шонкоевге тапшырды.

Министрдин сапары Ат-Башы районуна уланат.

Видео:

Видео, фото - Нарын дарыясынын деңгээли кооптуу абалга жакындап калды

Жети-Өгүз районунда абал кооптуу бойдон калууда (фото)

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды (фото)

Ат-Башыдагы селдин кесепеттери (фото)

ӨКМдин жетекчилиги абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн аймактарга жөнөп кетти

Каракол суусундагы көпүрөнү суу алып кетиши мүмкүн (фото)

Нарын дарыясынын деңгээли эки эсе көтөрүлдү (фото, видео)

Баш-Кайыңды айылында селди токтотуп калуу аракеттери уланууда (фото)

Тоңдогу катуу жаандан Темир-Канат айылындагы каналдын суусу көтөрүлдү  

Ат-Башыда катуу жаан жаап, тоодон агын суулар түштү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×