Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 15.06.2016 18:31

№50 СИЗОдон качуу: Силердин мыйзамдар менен демократия биз үчүн мыйзам эмес, - соттолуучу Э.Абдрахманов

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда №50 СИЗОдон качкандардын иши боюнча соттук отурум улантылды.

Жарыш сөздөрдөн кийин соттолуучуларга акыркы сөздөр берилди.

Соттолуучу Эдил Абдрахмановдун айтымында, эң башкысы сен кайда өлгөнүң эмес, кантип өлгөнүң.

«Мага 4-5 жолу өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылганы мен үчүн сенсация эмес. Соттон кийин мени жашабайсың деп коркутушту. Башкысы ишеним жана Аллахка баш ийүү. Биздин тагдыр Аллахтын колунда. Мага кандай өкүм чыгарышат мени эч тынчсыздандырбайт. Силердин мыйзамдар менен демократия биз үчүн мыйзам эмес. Ошондуктан мен эч кимден эч нерсе суранбайм. Мен каза болгондордун туугандарына кайрылып, чынын айткым келет, мен эч кимди өлтүргөн жокмун. Азыр мага барыбир ишенишпейт, бирок, мен эч кимди өлтүргөн жокмун. Мен өкүмдөн коркпойм», - деди ал.

Мурдараак прокурор, Эдил Абдрахмановду, Болот Курбанахуновду жана Музафар Уриновду өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

Кийинки сот отуруму 29-июнга дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×