Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу 15.06.2016 17:28

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кырсыктын кесепети жоюлду

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жаан-чачынга байланыштуу Ак-Суу суусунун деңгээли кескин көтөрүлүп, Теплоключенка айылынын Дзержинский көчөсүндөгү 15 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ак-Суу райондук жарандык коргонуу кызматы, райондук авариялык калыбына келтирүү командасы жана жергиликтүү калк жардам берип, 1500 даана капка кум толтурулуп, 300 метрлик дамба курулду.

Азыркы учурда, аталган турак жайларды кайрадан суу каптап кетүү коркунучу пайда болгондуктан, 97 милиция кызматкери жана жергиликтүүлөр тартылып, 300 капка кум толтуруп, аларды тизип чыгышты.

Учурда министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Нурбек Сыдыгалиев Ысык-Көл облусунда жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×