Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 15.06.2016 17:05

«Кожожаш» тасмасында Зулайканын ролу менен белгилүү актриса 5-кабаттан кулап каза тапты

Turmush -  «Кожожаш» көркөм тасмасында Зулайканын ролу менен белгилүү Гүлнара Кадралиева каза болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Г.Кадралиева 1961-жылы 6-майда Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында төрөлгөн. 1987-жылдан тартып СССР кулаганга чейин «Кыргызфильмдин» актрисасы болгон.

Г.Кадралиева «Кожожаш» (режиссер Төлөмүш Океев, 1985), «Запкы» (режиссер Бекжан Айткулуев, 1992), «Чтениях Петрарки» (режиссер Нурлан Абдыкадыров) тасмаларындагы ролдору менен белгилүү.

Кечээ, 14-июнда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди 5-кабаттан кулап кеткен Г.К.нын абалы оор бойдон калып жатканын билдирген.

Жабырлануучу жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан. «55 жаштагы аялдын мээси чайкалып, жаагы сынып, ички органдарына зыян келген», - деген ал.

Жабырлануучу актриса Гүлнара Кадралиева экени кийин белгилүү болду.

Өз кезегинде Бишкек ШИИБден, кылмыш иш козголбой турганын билдиришти. «Кошуналарынын айтымында, ал (Г.Кадралиева) спирт ичимдиктерин колдончу, алкоголго адаты бар болчу экен. Ал тышынан бекилип калгандыктан, балконго шейшепти байлап 4-кабатка түшкүсү келиптир. Бирок тилекке каршы, шейшеби үзүлүп кетип жерге кулап түшүптүр», - дешти милициядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×