Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 15.06.2016 16:26

Жети-Өгүз районунда абал кооптуу бойдон калууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли катуу жааган жаан-чачындан улам көтөрүлүп, суунун жээгинде жайгашкан турак жайларды каптап жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Замирбек Жумагазиев жөнөп кеткен.

Ошондой эле, министрдин орун басары Нурбек Сыдыгалиев дагы Ысык-Көл облусуна кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×