Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.06.2016 16:13

Ат-Башыдагы селдин кесепеттери (фото)

Turmush -  Кечээ, 14-июнда тынымсыз жааган жамгырдан жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен Ат-Башы районундагы Казыбек, Ат-Башы, Талды-Суу, Баш-Кайыңды айыл аймактарында кооптуу абал түзүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасына облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Жогорудагы айыл аймактарда ӨКМдин райондук бөлүмү менен биргеликте, райондук жана айыл аймактык жарандык коргонуу комиссиялары координациялоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатат. Бардык кооптуу аймактарга кезметчилер коюлуп, көзөмөлдөнүүдө.

Селдин кесепеттери

Баш-Кайыңды айыл аймагы боюнча

- саат 22:30да чамасында Баш-Кайыңды айылынын түштүк тарабындагы көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен.
Болжолдуу 50-60 турак жайга коркунуч келтирилген.

Кооптуу жагдайдан улам ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 2 ыкчам тобу, милиция кызматынын өздүк курамынан 20 кызматкер, өрткө каршы кызматынан 20 кызматкер, айыл тургундарынан 20 адамдан турган ыктыярдуу куткаруу тобу тартылды. Каптарга кум, шагылдарды толтуруп, кооптуу жерлерге жалпы 500дөн ашык каптарды тизүү иштери жүргүзүлдү. Бирок, суунун агымы чоң болгондуктан, тизилген каптарды суу жууп кеткен.

Суунун көлөмү көбөйүп, Кайыңды каналынын бекемдеп жаткан тилкесинин эки жеринен суу жырып, 6 турак жайлардын короо жайларын жана курулуштарын каптап кетти.

- Баш-Кайыңды айыл аймагынын күн батыш тарабында жайгашкан Кайыңды суусундагы көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу жаралууда.

Казыбек айыл аймагы боюнча

- Казыбек-Жаңы-Күч айылдарын байланыштырган көпүрөнү суу алып кетүү коркунучу пайда болду. Көпүрөнү сактап калуу максатында техникалар тартылып, көпүрөнүн четиндеги жолду жырып, сууну бөлүштүрүштү. Бирок, көпүрөнү суу алып кетүү кооптуулугу сакталууда.

- Айылдын батыш тарабындагы Башкелтебек каналындагы суунун деңгээли жогорулап, болжолдуу 50-60 гектарга жакын айдоо аянтын суу каптап кетүү коркунучу туулду. Учурда айылдын суу пайдалануучулар ассоциациясынан 8 адам тартылып, суунун нугун буруу иштерин аткарууда.

Талды-Суу айыл аймагында

- Талды-Суу айыл аймагынын Талды-Суу айылындагы Жарык-Таш суусунун деңгээли көтөрүлүп, ички көпүрөнү алып кетүү коркунучу туулду. Аталган аймакты көзөмөлдөө жана жарандардын сууга түшүп кетүүсүн алдын алуу максатында айылдын ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 3 жаран кезметке коюлду.

Ат-Башы айыл аймагы боюнча

-Ат-Башы айылындагы Ат-Башы суусунун жээгиндеги дамбаны көзөмөлдөө жана жарандардын сууга түшүп кетүүсүн алдын алуу максатында айылдык ыктыярдуу куткаруучулар тобунан 4 адам кезметке коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×