Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу 15.06.2016 16:14

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери башталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 14-июнда Баткен районунун Дара айыл аймагындагы Кан, Сары-Талаа, Жаңырык айылдарында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Сары-Талаа, Жаңырык айылдарынын ортосундагы унаа жолдун 2-3 жеринен сел түшүп, жол каттамы жабылган.

Кан айылынын ички жолдору, арыктары кум-шагылга толгон жана 2 турак үйдүн короосуна суу кирген. Селден адамдар, турак үйлөр жана мал-жандыктар жабыр тарткан эмес.

Министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Баткен облусуна келип, сел болгон аймактарды жеринен көрдү. Ал күйүүчү-майлоочу майларды, техникаларды бөлүп берип, кайрадан өзгөчө кырдаал кайталанып кетпеши үчүн аракеттерди көрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×