Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусу, Ош 15.06.2016 15:06

Кыргызстанда жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда саат 11:04тө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. УИАнын Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 50 чакырымда, Кичи-Алай айылынан түндүк-чыгышка 16 чакырымда, Кара-Кыр айылынан түндүк-батышка 12 чакырымда, Чогон айылынан түндүк-чыгышка 10 чакырымда жайгашты.

Жер титирөөнүн күчү Чогон айылында 2,5 баллга, Кара-Кыр айылында 2 баллга сезилди.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×