Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 15.06.2016 14:35

Ысык-Көлдө 8-класстын окуучусу сууга агып кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 8-класстын окуучусу сууга агып каза болду. Кырсык Балыкчы шаарынан 17 чакырым алыстыктагы Көк-Мойнок айылында болгон, деп билдирди аймактык кабарчы.

Каза болгон бала күндүн ысыгында сууга түшүп жаткан жеринен айлампа тартып кетип, 10 чакырымга чейин агып кеткен. Анын жанындагы 3 жаштагы бир тууганы суунун жээгинде карап турган. Ал жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×