Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 15.06.2016 14:26

Ош шаардык соту курттаган тамак берилгени айтылган «Байчечекей» бала бакчасынын директорун актады

Turmush -  Ош шаардык соту «Байчечекей» бала бакчасынын иши боюнча өкүм чыгарды. Тарбиялануучуларга курттаган тамак берилди деген айыптарга далил жетишсиз болгондуктан бакчанын директору айыпсыз деп табылды.

Бакчада курттаган тамак берилгенин айтып чыккандардын бири Гүлбурак Айдарова билдиргендей, директорду актаган отурумга күбөлөр чакырылган эмес.

«Сот 12-июнда өтүптүр. Биз сот болгонун прокурордон уктук. Буга чейин биз күбө катары жүрдүк, бирок акыркы отурумда бизди эч ким чакырган жок. Бакчанын директору соттон акталып чыгыптыр. Сот коюлган айыптар жетиштүү эмес деген негизде актаган. Учурда биз облустук сотко арызданууга даярданып жатабыз», - деди Г.Айдарова.

Окуя тууралуу:

Ош шаарында жайгашкан №37 «Байчечекей» бала бакчасындагы чыр 2015-жылдан бери уланууда. Бала бакчага жаңы жетекчи келген күндөн тартып кадр алмашуулар токтой элек.

Жаңы директор Орозгүл Бектанова келгенине 1 жылга чамалабай жатып кадрларды толук алмаштырып, өзүнө караштуу адамдарды ишке алып келди, деп кызматтан алынгандар айыптаса, бала бакчанын жетекчилиги муну атайын каралоо, деп атоодо.

Бала бакчанын жаңы жетекчисине жакпаган 8 кызматкер 11 айдын аралыгында жамааты менен коштошкон. Алардын бири Гүлбурак Айдарова айлыгынын аз чыгып калганын жана тарбиялануучуларга берилген тамактан курт чыкканын айтканы үчүн жетекчи тарабынан кызматтан бошотулганын айтууда.

Курттаган тамак берилгени айтылган бала бакчанын мурунку жана азыркы директорлору май айында Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн юристи менен бирге кызматтан алынганы маалымдалды.

Ал эми, Орозгүл Бектанова Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин классташы болгону, буга чейин дагы кызматтан алынып, бирок 2 күндүн ичинде кайрадан директорлук ордуна келгени айтылган.

Оштогу бала бакча чыры: Жаңы жетекчинин куугунтугу, классташына директорлукту 2 күндүн ичинде кайтарып берген мэр (фото)

«Байчечекей» бала бакчасынын директору 63 миң сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды, - Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн юристи

Ошто балдарга курттаган тамак берилгени айтылган бала бакчанын мурунку жана азыркы директору кызматтан бошотулду

Бала бакчадагы курттаган тамакка байланыштуу иштеп алынган Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын юристи сотко кайрылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×