Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Дүйнө 15.06.2016 12:34

ИГИЛдин лидери Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлдү, - Mirror

Turmush -  Көп өлкөлөрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» террористтик тобунун лидери Абу Бакр аль-Багдади АКШ башында турган коалициянын авиасоккуларынын жүрүшүндө өлтүрүлдү.

Mirror басылмасы террористер менен байланышы бар маалымат агенттиктерге шилтеме берүү менен билдиргендей, Абу Бакр аль-Багдади Рамазандын бешинчи күнүндө коалициянын Раккага авиасоккуларынын жүрүшүндө өлтүрүлдү.

Башка булактын маалыматы боюнча, ИГИЛдин лидери Мосулда жок кылынды.

9243616a66

Ушул жылдын 10-июнунда бир катар ЖМКларда ИГИЛдин башчысы Абу Бакр аль-Багдади менен террористтик уюмдун бир катар командирлери авиасоккулардан улам жарадар болушканы жөнүндө маалыматтар тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×