Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусу 15.06.2016 12:30

Кочкордогу жолдорду, айдоолорду суу каптады

Turmush -  Тынымсыз жааган жаандан улам Кочкор районун суу каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, тынымсыз жааган жаандан жана мөңгүлөрдүн эришинен суунун деңгээли көтөрүлүп, 15-июнда Кочкор районундагы Соң-Көл–Кочкор унаа каттамынын 15-17-чакырымын суу жеп кеткен.

Жолду калыбына келтирүү максатында №14 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер жана айыл тургундарынан 15 адамдан турган ыктыярдуу куткаруучулар тобу тартылып, жол ачылган.

Ошондой эле, райондогу Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы суу бөлүштүрүүчү башкы курулмадагы суунун деңгээли жогорулап, айдоо жерлерди каптаган. Жарандык коргоо комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×