Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 15.06.2016 11:56

Нарын дарыясынын деңгээли эки эсе көтөрүлдү (фото, видео)  

Turmush -  Бүгүн, 15-июнда түнү бою нөшөрлөп жааган жамгырдан жана мөңгүлөрдүн эришинен суунун киргени күчөп, Нарын дарыясынын деңгээли эки эсе көтөрүлдү. Мындан улам «Нарын чоң канал» башкы суу курулмасын суу алып кетүү коркунучу туулуп жатат. Бул тууралуу Нарын бассейндик суу чарба башкармалыгынын оңдоп-түзөө бөлүмүнүн башчысы Б.Карасартов билдирди.

Анын айтымында, аталган тилкеде суунун көлөмү секундасына 700 куб метрди түзүп, адаттагыдан эки эсе чоң келип жатат.

«Каналдын суу курулмасын алып кетпеши үчүн каналды толугу менен жаптык, ага болбой суунун көлөмү чоңураак келип жатат», - деди аталган каналдын тилке башчысы Садык Мамбетказиев.

Башкы суу курулманы сактоо үчүн жыл башында 300-400 тонна таш төгүлгөн. Адистердин айтымында, суунун деңгээли кечке чейин дагы көтөрүлөт.

Аталган суу курулмасын дарыянын ташкыны алып кетсе жүздөгөн гектар айдоо аянттар суусуз калып, каналдын жээгинде жайгашкан турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралат.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×