Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 02.06.2016 12:29

Спорт агенттигинин директору Ш.Бакиров кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды

Turmush -  КРнын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен Sport АКИpress билдирди.

Ш.Бакиров арыз жазып, жамаат менен 31-майда коштошту. Анын акыркы иш сапары, Чолпон-Атада өткөн «Дени сак улут — өнүгүп жаткан өлкө» аталышындагы спорттук оюндар болгон.

Ш.Бакиров агенттиктин директору болуп Кадырбек Эргешовдун отставкасынан кийин 2015-жылдын 1-июлунда дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×