Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Баракелде, Дүйнө 29.05.2016 14:45

Чемпиондор лигасы: Мадриддик «Реал» узун кулак олжону 11-жолу утуп алды (фото)

Turmush -  Чемпиондор лигасынын финалындагы мадриддик дербиде «Реал» менен «Атлетико» жолугушуп, королдук клуб жеңишке жетти. Оюн кечээ, 28-майда италиялык Миландагы «Сан-Сиро» стадионунда өттү.

Матчтын негизги убактысы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Биринчи голду 15-мүнөттө Гарет Бэйлдин өткөрүп берүүсүнөн кийин Серхио Рамос киргизди.

Тыныгуудан кийин «Атлетико» утушту колго алууга мүмкүнчүлүгү бар эле, бирок Фернандо Торреске карата эреже бузулгандыгы үчүн дайындалган айып соккусун Антуан Гризманн ишке ашыра алган жок.

Матчтын бүтөөрүнө 10 мүнөт калганда Диего Симеоненин командасы эсепти теңей алды. Хуанфрандын өткөрүп берүүсүн алган Янник Феррейра-Карраско гол киргизди.

Бирок, кошумча берилген убакыт жеңүүчүнү аныктай алган жок.

Пенальти сериясында Зинедин Зидандын оюнчулары күчтүү болуп чыкты. Хуанфрандын тепкен тобу ийгиликсиз болуп, акыркы чечүүчү соккуну Криштиану Роналду киргизди (5:3).

Ал эми матчтын мыкты оюнчусу деп коргоочу Серхио Рамос табылды.

Муну менен «Реал» Чемпиондор лигасында 11-жолу жеңишке жетип, өзүнүн рекордун жаңылады. Турнирди 7 жолу «Милан» уткан, беш жолудан - «Бавария», «Барселона» жана «Ливерпуль». Ал эми «Атлетико» узун кулак олжону ала элек.

Эске салсак, «Реал» менен «Атлетико» Чемпиондор лигасынын финалында буга чейин да, тагыраак айтканда 2014-жылы жолугушкан. Кошумча берилген убакытта 4:1 менен анда да «Реал» жеңишке жеткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×