Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баракелде, Бишкек 27.05.2016 13:42

Миландагы турнир: Кыргызстандыктар Голландия, Армения жана Болгария менен бир тайпада (фото)

Turmush -  Италиянын Милан шаарында өтүүчү «Достук үчүн футбол» эл аралык турнирине катыша турган Кыргызстандын жаш футболчуларынын атаандаштары белгилүү болду.

Мелдештин расмий сайты билдиргендей, 32 катышуучу-команда 4төн команда болуп 8 тайпага бөлүнүштү.

Кыргызстанды көрсөткөн «Дордой-2003» F тайпасына кирди. Анда Армениянын футболдук академиясы, «Берое» (Болгария) жана Double Dutchie (Голландия) клубдары менен ойнойт.

Матчтар «Сан-Сиро» стадионунда өтөт. Белгилей кетсек, аталган стадиондо эртең, 28-май күнү УЕФАнын Чемпиондор лигасы-2015/2016нын финалдык матчы орун алат.

Турнир аяктаган соң жаш футболчулар «Реал» менен «Атлетико» беттеше турган УЕФАнын Чемпиондор лигасынын финалдык мелдешине күбө болушат.

Футбол для дружбы

Футбол для дружбы1

Футбол для дружбы2

Футбол для дружбы3

Футбол для дружбы10

Футбол для дружбы8

Армениянын футболдук академиясы

Футбол для дружбы7

«Берое» (Болгария)

Футбол для дружбы5

Футбол для дружбы4

Double Dutchie (Голландия)

Футбол для дружбы6

Футбол для дружбы9

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×