Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Баткен облусуБаткен району 27.05.2016 10:28

Самаркандек айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү спорттук мелдеш өткөрүштү

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылындагы Мурат Салихов атындагы орто мектебин 20 жыл мурда бүтүргөндөп спорттук мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Волейбол боюнча таймашка 9 команда катышып, 1-орунду Самаркандек айыл өкмөтү камсыз кылып 2000 сом, 2-орунга Самаркандек ооруканасы татыктуу болуп 1500 сом, ал эми 3-орунду болсо Таш-Тумшук айылынын командасы камсыз кылып 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой мектеп окуучулары арасында өткөн волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө 500 сом тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×