Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.05.2016 09:49

Түптөгү мугалимдер арасындагы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Түп районундагы мугалимдер арасындагы спартакиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Балдар-өсп үрүмдөр спорт мектебинин директорунун орун басары, мелдештин башкы калысы Болот Алабаев билдирди.

Анын айтымында, командалык эсепте Түп тайпасы биринчи орунду ээлеп, өтмө кубок, Ардак грамота жана 5 миң сомго ээ болду. Экинчи орунду Санташ тайпасы ээлеп, грамота жана 3 миң сом, үчүнчү орунду Талды-Суу тайпасы ээлеп, грамота жана 2 миң сомго татыктуу болушту.

Райондук спартакиадага катышкан 6 тайпанын калганы Тасма, Михайловка, Балбай тайпалары ушул тартипте жайгашышты. Футболдон, волейбол, стол теннисинен жана ордодон Санташ тайпасы мыкты көрсөткүчтү көрсөтсө, шахматтан (эркек, кыздар), тогуз коргоолдон (эркектер), волейболдон биринчиликти жана эки түрдөн экинчини ээлеген Түп тайпасы ийгиликке жетишти.

«Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктын жана ысык тамактын каржылоосун профсоюздардын Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн комитети көтөрдү», - деди Б.Алабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×