Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуТүп району 24.05.2016 15:45

Түптө мугалимдер арасында спартакиада башталды (фото)

Turmush -  Түп районундагы Кайкин орто мектебинин спорт майданында райондогу мугалимдер арасында спартакиада башталды.

Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Мурат Сыдыковдун айтымында, спартакиадага 6 топко бөлүнгөн 36 мектептин жеңүүчүлөрү катышууда. Мугалимдер ордо, тогуз коргоол, волейбол, шахмат, стол тенниси жана футбол боюнча мелдешет.

«Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин командалык жана жекече жеңүүчүлөр жарыяланып, райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюз комитети тарабынан сыйланат. Ошондой эле, облустук спартакиадага жолдомо алышат», - деди Мурат Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×