Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 23.05.2016 10:47

Сузакта окуучулар арасында спорттун 3 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Сузак районунда «Спорт — тынчтыктын элчиси» деген ураандын алдында окуучулар арасында спорттун үч түрү боюнча чоң масштабдагы мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдештин ачылыш аземине өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн келген өкүлдөр жана Сузак районунун акиминин орун басары Асылкан Раманкулова, облустук мусулмандар казыятынын башчысы Абдулазиз Закиров, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси Жеңиш Жоробеков жана Түркиядан келген коноктор катышты.

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү балдарга ийгилик каалап, спорт дени сак жашоого өбөлгө болоорун белгилешти.

Сузак райондук ички иштер бөлүмү уюштурган саамалык Тарых жана маданият жылына арналып, волейбол, баскетбол жана футбол боюнча улан-кыздар арасында өткөрүлдү. Алгач үч багыттагы мелдеш мектептерде окуучулар арасында айыл аймактардын деңгээлинде өтүп, мелдештин 1-туруна жалпысынан 157 команда катышкан. Бул командалар арасынан 29 команда райондук мелдеште күч сынашты.

Сузак РИИБдин башчысы Нурбек Жаныбековдун айтымында, окуучулар мелдешке активдүү катышты.

«Иш-чаранын максаты — жаштар арасындагы рэкетчиликти жоюп, кылмыштуулукту болтурбоо, сергек жашоого үндөө менен катар патриоттуулук сезимдерди күчөтүү, ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак жүрүүгө үгүттөө болуп саналат. Ошол эле учурда окуучуларда бири-бирине болгон биримдик, колдоо мамилеси жанданат. Ошондуктан райондо жайгашкан ар бир мектептин окуучуларын мелдешке тарттык. Мелдеште балдар жакшы оюн көрсөтө алышты», - деп билдирди ал өз сөзүндө.

Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча кыздар арасында Сузак айыл өкмөтүнүн А.Гайдаров мектебинин кыздары 1-орунду, Кыз-Көл айыл аймагынын О.Жапарбаев мектебинин окуучулары 2-орунду, ал эми 3-орунду Кара-Дарыя айыл аймагынын К.Калмамбетов мектебинин кыздары багындырышты.

Балдар арасында 1-орунду Сузак айыл аймагынын А.Абдукаимов мектебинин, 2-орунду Сузак айыл аймагынын Ш.Абдраманов мектебинин, 3-орунду Саты орто мектебинин окуучулары ээлешти. Ал эми футбол боюнча 1-орунду Тайгараев орто мектеби, 2-орунду М.Маткеримов мектеби, 3-орунду А.Абдукаимов орто мектебинин балдары багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×