Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Баракелде, Бишкек 21.05.2016 12:01

Кыргызстан менен Өзбекстандын футболдук таймашы болбой калды

Turmush -  2-июнда Ташкентте белгиленген Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши кабыл алуучу тараптын демилгеси менен расмий түрдө жокко чыгарылды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы маалымдады.

Мурда 2-июнда Ливандын командасына каршы беттеш пландалган. Бирок Ливан тараптын демилгеси менен бул беттеш жокко чыгарылган.

Кийин кыргызстандык футболчулар өзбекстандык командага каршы ойной тургандыгы айтылган. Беттеш УЕФАнын расмий тизмесине киргизилген. Бирок кечээ, 20-майда өзбек тарап беттешти жокко чыгарды. Азырынча себептери тактала элек.

Азыркы учурда ФИФА рейтингинде Өзбекстан 66-орунду, Кыргызстан 100-орунду ээлейт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук командалары буга чейин 5 жолу беттешип, 5 жолу тең өзбек командасы уткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×