Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Баракелде, Дүйнө 20.05.2016 15:11

А.Байматов Бахрейндин 4 жолку чемпиону «Аль-Риффа» менен келишим түздү (фото)

Turmush -  Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Азамат Байматов карьерасын Бахрейндин «Аль-Риффа» клубунда улантат.

КРнын футбол федерациясынан билдиришкендей, клуб менен оюнчунун ортосундагы келишим 2 жылга эсептелди.

2015-жылдын сентябрынан бери Байматов Бахрейндин башка клубу - «Ситра» үчүн ойноп келген. «Ситра» 2015-2016 сезонунда Биринчи лигага учту. Клубдун курамында кыргызстандык футболчу 4 гол киргизди жана команда капитаны болду.

«Аль-Риффа» Бахрейндин төрт жолку чемпиону (2003, 2005, 2012, 2014). 2015-2016 сезонунун жыйынтыгында 4-орунду ээлеп, Аравия Кубогунда (Arabian Gulf Cup) чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Азамат Байматов1

Азамат Байматов2

Азамат Байматов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×