Turmush — Лейлек районунун Баул айылынын аталышы илгерки Бабур хандын атынын улам коюлган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.
Жергиликтүү тургун Бекболот Латиповдун маалыматына караганда, бул аймакка Бабур хан жоокерлери менен качып келип отурукташып калгандыгы айтылат.
«Илгери Бабур деген хан болгон. Ал Индияны басып алуу үчүн согуш ачат. Бирок ал согушта Бабур хан жоокерлеринин аздыгынан улам жеңилип калуусуна көзү жетип, жоокерлери менен кошо качып жөнөйт. Куугунтукка алынган Бабур хан менен жоокерлери узак жол жүрүп, качып отуруп, ушул жерге келет. Бул жерди аз да болсо коопсуз деп эсептеп, отурукташа башташат. Ошентип күндөр өтө берет. Амалдуу Бабур хан душмандарынан коргонуу үчүн даярдыктарды көрө баштайт. Атайын аскерин түзүп, курал-жарактарды сактоочу жай, атайын курал-жарактарды жасоочу устакана да курдурат. Ал устакананы душман билип, көрүп калбасын деп адырдын ичин каздырып, жер төлөгө салдырган. Шалы (күрүч) эгүүчү жерлерди да кеңейткен. Шалы менен эл токчулукта жашаган. Убакыттын өтүшү менен Бабур хандын ээлеген жерлери көбөйө берген. Эл бул жерди Бабур хандын аймагы деп атап алган. Ооздон-оозго өтүп отуруп, Баул хандын аймагы болуп аталып калган.
Учурда Бабур хандын доорунда жасалган курал-жарак устаканасы, шалы талаалары, тиккен дарактары сакталуу. Бабур хан 9 түп дарак тиккени айтылат. Бирок ушул тапта ал дарактардын бирөө гана сакталып турат. Ал даракка 5 адамдын кулачы жетет. Ал эми устаканасына эч ким кире албайт. Себеби кирген адамдын өмүрү кыйылат же дүлөй болуп калат деген түшүнүктөр эл арасына кеңири тараган. Буга чейин бул жерге орус окумуштууларынан экөө кирип, алардын биринин сөөгү чыккан, бирөөсү болсо чыккандан кийин сүйлөй албай калган дешет. Ошондон кийин Бабур хандын устаканасына жан кирбес болгон», - деди ал.
Учурда жергиликтүү тургундар ал устакананы сүрөткө тартууга да даабайт. Баул айылында 400 кожолук бар. Жергиликтүүлөр картошка, жүгөрү эгүү менен киреше таап, тиричилик өткөрөт.