Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 01.04.2016 09:07

Нарында «Маданиятты көтөрөлү, тарыхыбызды унутпайлы» сынагынын 3-айлампасы өттү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мугалимдер арасында уюштурулган «Маданиятты көтөрөлү, тарыхыбызды унутпайлы» сынагынын 3-айлампасы өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жатат.

30-мартта өткөн сынакта Ж.Сатылганов, Э.Карасартов, А.Абдраимов жана С.Атамбеков атындагы орто мектептердин мугалимдери жогорку бааларга татып, финалдык турга жолдомо алышты.

Сынакта элдик ырлар аткарылып, тарыхый окуялар сахналаштырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×