Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.03.2016 17:34

Каракол шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы

Turmush -  Каракол шаарында 27-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды. Шайлоого 13 партия катышты.

Каракол аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-мартта шаардагы шайлоочулардын добуштары тууралуу маалымат берди.

- «Табылга» — 3 миң 639 добуш;

- КСДП — 1780;

- «Кыргызстан» — 1304

- «Республика — Ата Журт» — 1131;

- «Өнүгүү Прогресс» — 1058;

- «Улуу Кыргызстан» — 845;

- «Ата Мекен» — 817;

- «Мекен ынтымагы» — 595;

- «Эмгек» — 585;

- «Аалам» — 314;

- «Мурас» — 246;

- «Бир Бол» — 171;

- «Жашылдар партиясы» — 72.

Ал эми 74 шайлоочу баарына каршы добуш берген.

Каракол шаарында шайлоочулардын саны 29 миӊ 600 адамга жетип, анын 12 миң 733ү добуш берди. Ал эми 822 шайлоочу каттоого алынган аймактан башка шайлоо тилкелерине барган. 113 шайлоочунун ID-карт паспортторундагы маалыматтар дал келбей, 80 шайлоочунун биометриялык маалыматы аныкталган эмес. Ал эми 184 шайлоочу 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен келген.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ID-карт паспорт менен гана добуш берүүгө болот.

БШКнын маалыматы менен Каракол шаардык кеңештин болжолдуу курамы:

«Табылга» — 12 мандат

- Акимканов Туратбек Жакшылыкович

- Махмутов Фархат Равильевич

- Жаныманова Рысгүл Токтошевна

- Бараков Акбарбек Садырбекович

- Сагымбаев Мирбек Өмүрбекович

- Хурова Галия Ринатовна

- Айсаракунов Эрлан Асанкадырович

- Айтбаев Азамат Туратбекович

- Кожонова Гүлнара Асанкуловна

- Жампеишов Руслан Жумашович

- Эгембердиев Курманбек Шапыкович

- Исмаилакунова Элмира Асанкадыровна

КСДП — 6 мандат

- Чыныбеков Максатбек Зарылбекович

- Моңолдоров Дамир Черикович

- Баратова Роза Аскеровна

- Маанаев Токтобай Исраилович

- Калмакиев Каныбек Турсуналиевич

- Исламова Аваз Мелисовна

«Кыргызстан» — 5 мандат

- Сапаров Улан Бектурович

- Алжанбаев Фархат Абдыхамитович

- Самаева Асель Аскарбековна

- Кыргызбаев Жумабек

- Сабатаров Бейшен Обокирович

«Республика Ата Журт» — 4 мандат

- Өскөнбаев Сеит Садырович

- Аматов Савурджан Асанович

- Баратова Натипа Адылгазиевна

- Кулинова Лола Абдурахмановна

«Өнүгүү Прогресс» — 4 мандат

- Абдубалиев Кубанычбек Сабырович

- Жолочиев Сергекаалы Асангалиевич

- Ибраева Айпери Токтомушевна

- Мамбетов Кубанбек Жамангулович. 

Каракол шаардык кеңеште 31 мандат бар.

Токмок шаардык кеңешке жаңы шайланган депутаттар

Ош шаардык кеңештеги жаңы курамдын болжолдуу тизмеси

Балыкчы шаардык кеңештин жаңы курамы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×