Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.03.2016 11:18

Жумгалдагы жалгыз музей оңдоого муктаж (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Шарыпкул Эсенгулов атындагы райондук тарыхый этнографиялык музейдин имаратынын пайдубалы чөгүп, чатырынан суу агып жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына музейдин директору Айнура Бердикеева кабарлады.

Музейде Жумгал районунун тарыхы камтылып, кыргыз элинин эски буюмдары, райондон чыккан белгилүү инсандардын өмүр баяны, китептери сакталып келет. Бирок тилекке каршы жылуулук тармагы имарат курулган күндөн тартып каралган эмес. Кышында музейге киши кире албайт. Бир бөлмөдө 7 кызматкер иштеп, мешке от жагып жылынышат.

«Учурда чатыры талкаланып, андан аккан суу музейдин ичине кире баштады. Полдору чирип, жагымсыз жыттар пайда болуп жатат. Музей оңдоо иштерине муктаж», - деди Бердикеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×