Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 31.03.2016 10:35

Өкмөттүн бедели плинтустун деңгээлине түшүп кетти, - депутат А.Артыков

Turmush -  Өкмөттүн бедели бүгүнкү күндө плинтустун деңгээлине түшүп кетти, деди депутат Анвар Артыков (КСДП) бүгүн, 31-мартта парламенттин жыйынында.

Депутат, акыркы күндөрү бийлик мурда кабыл алган чечимдерди өзгөрткөн кадыресе эле көрүнүш болуп калганын белгиледи.

«Бизде чечимдерди кабыл алып, эртеси эле кайра аны өзгөрткөн учурлар көп болууда. Биз элдерди, эгерде чечимдер аларга жакпаса, митингге чыгып, аны жокко чыгарууга жетишкенине көндүрүп койдук. Бүгүн өкмөттүн бедели плинтустун деңгээлинде. Чечимдерди жакшылап ойлонуп туруп кабыл алуу керек, ал эми аны кабыл алгандан кийин аягына чейин чыгарыш керек деп айтат элем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×