Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.03.2016 10:03

Жумгалда «Чүкө жана көлдөлөң» фестивалы өтөт (фото)

Turmush -  Май айында Нарын облусунун Жумгал районунда «Чүкө жана көлдөлөң» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына уюштуруучулар маалымдады. Фестиваль улуттук чүкө оюндарын, көлдөлөңдү даңазалоо максатында уюштурулат.

Фестивалдын алкагында улуттук кийимдердин жарманкеси, боз үй жасалгалоо, кол өнөрчүлүк тууралуу мастер-класстар, чүкө жана ордо оюндары, сынактар жана эстрада жылдыздары коштогон концерттер уюштурулат.

Көлдөлөң - эки-үч териден жасалат. Терилердин бучкактары кесилип, калганы тегизделип, ортосунан бириктирилет. Олтурууга жумшак, ыңгайлуу төшөк.

Чүкө — малдын шыйрагынан чыккан атайын сөөк, аны эт бышкан соң чыгарып алып оюндарга колдонушат.

Сүрөттөр архивден

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×