Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 31.03.2016 09:46

Видео - 9 өлкөнүн элчилеринен ишеним баракчаларын алган президент А.Атамбаевдин сөзү

Turmush -  Кечээ, 30-мартта Кыргызстандагы 9 өлкөнүн элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним баракчаларын тапшырды.

Өз кезегинде президент А.Атамбаев атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин дипломаттык ишине байсалдуу сапар каалады. «Сиздердин ишиңиздердин жыйынтыгында биздин өлкөлөр ортосундагы катнаштар кыйшаюусуз өсөт деп ишенгим келет», - деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле, дипломатиялык миссиялардын башчыларына Кыргызстандын өкмөтү жана президентинин аппараты ар тараптан колдойт жана көмөк көрсөтөт деп ишендирди.

Өлкө башчы элчилерге ден-соолук жана үзүрлүү иш каалады.

А.Атамбаевге ишеним баракчаларын тапшырган элчилер:

- Пакистандын элчиси (резиденциясы Бишкек шаарында) Кази Хабиб Ур Рехман,

- Түркмөнстандын элчиси (резиденциясы Бишкек шаарында) Мередов Шадурды Овезнесепесович,

- Алжирдин элчиси (резиденциясы Ташкент шаарында) Насер Бушерит,

- Польшанын элчиси (резиденциясы Алмата шаарында) Мачей Ланг,

- Австралиянын элчиси (резиденциясы Москва шаарында) Питер Мартин Теш,

- Швециянын элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Кристиан Камил,

- Филиппиндин элчиси (резиденциясы Исламабад шаарында) Даниель Рамос Эспириту,

- Израилдин элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Михаэль Бродский,

- Венгриянын элчиси (резиденциясы Астана шаарында) Андраш Барани.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×