Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 30.03.2016 18:42

Аксыдагы эки айылдын кыз-жигиттери «Сармерденде» таймашты (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында «Сармерден» сынагы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маданий иш-чарада улуттук музыка жана сөз өнөрү даңазаланды. Сынактын жүрүшүндө элдик ырлар, макал-лакап, табышмак, жаңылмачтар айтылып, фальклордук ырлар жаңырды.

Калыстар тобу Жаңгак жана Чие айылынын кыз-жигиттеринин ортосундагы сынак жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгиледи. Ал эми айыл аймак жетекчиси катышуучуларга баалуу жана кызыктыруучу белектерди тапшырды.

Жергиликтүү тургундар мындай демилгени колдоого алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×