Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 18:45

Апрелде Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапар менен келүүсү күтүлүүдө (фото)

Turmush -  Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 30-мартта Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Андраш Баранини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

А.Жээнбеков А.Баранини президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамотасын тапшырышы менен куттуктап, анын дипломатиялык кызматына расмий киришүүсү менен өлкөлөр ортосундагы эки жактуу кызматташуу жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаарына үмүт артаарын билдирди.

Ошону менен катар, азыркы учурда Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономика айдыңында өз ара кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүдө баардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылбай жаткандыгын белгилеп, ар кандай долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашырууга өтүү керектигин жана биргелешкен ишканаларды ачуу зарылдыгын айтты. «Кыргызстанда чет өлкөлүк инвестициялар жана бизнес баштоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн», - деди төрага.

Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө сөз козгогон Жээнбеков, Кыргызстандын бул багыттагы байланыштарды андан ары дагы өнүктүрүүнү ыкчамдатууга кызыкдар экенине бурду. Тараптар үстүбүздөгү жылга белгиленген эки жактуу сапарларды дипломатиялык каналдар боюнча сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Ал эми А.Барани өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен кызматташуусун бекемдөөгө кызыкдар экенин, ошондой эле, ал өткөн жылдан бери Венгрия Дүйнөлүк банк аркылуу Борбордук Азия регионуна 20 миллион АКШ долларын бөлгөндүгүн билдирди.

Элчинин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанга саламаттыкты сактоого жана банк чөйрөсүн колдоого байланыштуу эки долбоорду ишке ашырууга 1,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.

«Мындай өз ара аракеттенүүлөр мындан ары дагы өсүшү кажет. Эки тараптуу кызматташуубузду бекемдешибиз зарыл. Бул жыл эки жак үчүн жемиштүү болуусу керек. Эки жактуу сапарлар, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар пландаштырылды. Дипломатиялык мамилелердин тарыхында мындай болгон эмес. Апрелде Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри П.Сийяртонун Кыргызстанга сапар менен келүүсү күтүлүүдө», - деп кошумчалады Барани.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×