Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Дүйнө 30.03.2016 16:50

БУУнун залында кыргыздын кылым карыткан «Паризат» элдик ыры жана күүлөрү жаңырды (фото)

Turmush -  28-март күнү Нью-Йорктогу (АКШ) Бириккен улуттар уюмунун залында Нооруз салтанаты өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди

Анын айтымында, иш-чара түрк тилдүү элдердин маданияты ТҮРКСОЙ тарабынан ТҮРКСОЙго мүчө бир катар өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесинин урматына уюштурулду.

Салтанатта чыгып сүйлөгөн БУУнун башкатчысынын орун басары Ян Элиассон, радикалдардын катуу чабуулуна каршы туруу үчүн биримдик керектигин белгиледи.

Ал эми ТҮРКСОЙдун башкатчысы Дүйсен Касеинов, үстүбүздөгү жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрү эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык мааракесин белгилей турганын айтып, ушул маанилүү окуянын урматына БУУда Нооруз салтанатын уюштурууга колдоо көрсөткөн БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга ыраазычылык билдирди.

Расмий сөздөрдөн кийин 15 өлкөдөн келген 120га жакын артисттин катышуусунда улуттук ырлардан жана бийлерден түзүлгөн өзгөчө шаңдуу концерт тартууланды. Алардын арасында кыргыздын кылым карыткан «Паризат» аттуу элдик ыры болду. Аны кыргыздын таланттуу жаш ырчылары Гүлжигит Калыков менен Гүлнур Асанова аткарышты.

Түрдүү улуттук музыкалык аспаптарды кучагына алган ТҮРКСОЙдун курама ансамблинин ичинде Кыргызстандан келген «Акак» комузчулар ансамбли да өзүнүн өзгөчө ордун ээлеп турду. Көрүүчүлөр курама ансамблдин аткаруусундагы күүлөргө жана анын коштоосундагы ырларга чоң урмат көрсөтө, ордуларынан туруп кол чабышты.

ТҮРКСОЙдун АКШдагы соңку концерти 1-апрель күнү Вашингтон шаарынын Уорнера театрында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×