Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 15:51

«Кожожаш» тасмасынын англисче субтитрлери менен жаңы нускасынын бет ачаары өтөт

Turmush -  Бүгүн, 30-мартта саат 17:30да Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө англисче субтитрлери менен «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш») толук метраждуу көркөм тасмасынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ак илбирстин тукуму» тасмасынын англисче субтитрлери менен жаңы нускасы, тасманын Советтер союзунун жана башка чет өлкөлүк экрандардан көрсөтүлүшүнүн 30 жылдыгына арналат жана улуттук мыкты кинотасмаларды чет өлкөлөрдө жайылтуу жана сактоо максатында чыгарылды.

«Кожожаш» DVD тасмасынын субтитр жана көчүрмөлөрү Т.Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын базасындагы Төлөмүш Океев атындагы Фондунун демилгеси, КР өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×