Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 15:07

Президент дипмиссия башчыларына ар тараптан колдоо жана көмөк көрсөтүү болорун ишендирди

Turmush -  Биз өзүбүздүн эл аралык милдеттенмелерибизди кынтыксыз аткарып, ошону менен катар улуттук кызыкчылыктарыбызды да бекем коргоп жатабыз, деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-мартта 9 өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда.

Мамлекет башчы, быйыл Кыргызстан эки аймактык уюмда – КМШ жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматтыштык кеңешинде төрагалык кыларын, жыл эл аралык иш-чараларга жыш болорун белгиледи.

Пакистан менен кызматташтыкка токтолуп, Кыргызстан өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Буга байланыштуу май айында Дүйшөмбү шаарында расмий ишке кире турган CASA-1000 долбоорун биргелешип жүзөгө ашыруу бул долбоорго катышкан бардык өлкөлөргө пайда алып келерине үмүт артарын айтты.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын өз ара алака-катышына токтолуп, акыркы жылдары эки тараптуу кыргыз-түркмөн мамлекеттик катнаштар кыйла жанданганын белгиледи.

«Биз Алжир Элдик Демократиялык Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди жандантып, соода-экономикалык жана туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты жөнгө салууга ынтызарбыз», - деди Алжир элчисине кайрылып.

Мамлекет башчысы соңку кезде кыргыз –поляк катнаштары айрыкча айыл чарбасында жандана баштаганына көңүл бурду. «Байланышыбыз дагы артып, жемиштүү кызматташабыз деген үмүт бар», - деп президент.

А.Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан Австралия менен алака-катыштарды жогору баалайт жана эки тарапка пайдалуу кызматташтыктын багыттарын табууга ишенет.

Кыргыз-швед кызматташтыгына токтолгон өлкө жетекчиси, Скандинав өлкөлөрү арасында Швеция Кыргызстандын эң жакын өнөктөшү экенин белгиледи. «Демократиялык институттарды өнүктүрүүдө, социалдык маселелерди чечүүдө жана коррупция менен күрөшүүдө биздин өлкө Швециянын тажрыйбасына таянуусу керек», - деди ал Кыргызстандагы коррупция тууралуу швед окумуштуусунун илимий эмгегин мисалга тартып.

Филиппин менен кызматташтыкка токтолуу менен Кыргызстан Филиппинди Түштүк-Чыгыш Азиядагы маанилүү өнөктөш катары санай турганын белгиледи. «Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тез өнүгүшүн эске алуу менен биз эки тараптуу байланыштарды жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү ишин жандандыруу зарыл деп эсептейбиз», - деди.

Израилдин элчисине кайрылып, эки өлкө ортосундагы мамилелер бир калыпта өнүгүп жатканына көңүл бурду. «Эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдар алкагында да өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө биз даярбыз», - деген Атамбаев жашылдандыруу жаатында тажрыйба алмашуунун маанисин да баса белгиледи.

Кыргыз-венгр алакалары жандана баштаганын айткан президент, «Биздин элдердин тарыхый жакындыгы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды жандантууну талап кылат», - деди. Ошондой эле Венгрия жетекчилигинин өкүлдөрү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышарына үмүттөнөрүн билдирди.

Сөзүнүн соңунда президент А.Атамбаев атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин дипломаттык ишине байсалдуу сапар каалап, дипломатиялык миссиялардын башчыларын Кыргызстан өкмөтү жана президенттин аппараты тарабынан аларга ар тараптан колдоо жана көмөк көрсөтүү болорун ишендирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×