Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 13:13

Кыргызстан менен Румыниянын визасыз катташуусу боюнча келишим долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеӊеште «Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган КР өкмөтү менен Румыния өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашуу анык дипломатиялык же кызматтык паспорт ээлери үчүн башка тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, өтүү жана болуу үчүн 180 күн мезгил ичинде 90 күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.

Акыркы убакта эки тараптуу кыргыз-румын мамилелеринин деңгээли өсүп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганы байкалууда. Ушуга байланыштуу Румыния менен Кыргызстандын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.

Макулдашууну ратификациялоо Кыргызстан менен Румыниянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×