Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусуТалас району 30.03.2016 11:43

Таластагы «Сармерденде» калбалыктар жеңишке жетти (фото)

Turmush -  Талас облусуна караштуу Талас районундагы Кум-Арык айылындагы маданият үйдө «Сармерден» сынагы өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Сармерден» сынагында Калба жана Бердике баатыр айыл аймактарынын ыр-бийге шыктуу кыздары менен жигиттери таймашып, жыйынтыгында Калба айыл өкмөтү жеңишке жетти.

Оюнга калыстык кылуу үчүн Талас райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, КРнын эмгек сиңирген артисти Калипа Чалова жана белгилүү комузчу Бакыт Акматов келди.

Айыл өкмөт тарабынан жеңүүчү болгон Калбанын кыз-жигиттерине акчалай сыйлык берилсе, Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн командасына кызыктыруучу белектер тапшырылды.

«Сармерден» таймашын өткөрүүнү Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жамааты демилгелеп, айыл өкмөттүн колдоосу менен уюштурулду. Иш-чарага райондук администрациянын өкүлдөрү конок катары күбө болуп, айыл өкмөттүн ишине жана жаштарга ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×