Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 11:33

Жогорку Кеңеште кызматтык батирлерде кайсы депутаттар жашап жатканы жөнүндө маалыматты бербей жатышат

Turmush -  Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков депуттардын кызматтык батирлери кандайча бөлүштүрүлгөн жана азыркы учурда ал батирлерде кимдер жащайт деген маалыматты көрсөтпөй жатат.

АКИpress 2015-жылдын 24-декабрында төрага Асылбек Жээнбековдун атына кириш номуру 12-17243/15 менен расмий суроо жөнөткөн.

Парламенттин каттар жана кайрылуулар бөлүмүнөн маалымат агенттикке, кат каттоого алынып, төрага тарабынан аны аткарууга Н.Алимбековго жөнөтүлгөнүн тастыкташкан.

Вице-спикердин жардамчысы Чыңгыз биринчи, эл өкүлдөрүнө батирлерди бөлүштүргөн турак жай комиссиясы иштеп жатканын айтып, бир нече убакыттан кийин телефон чалууларга жооп бербей калды, же бош эместигин айтып "кайра чалам" деп жатты.

Парламенттин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев («Республика - Ата Журт») билдирген жана учурда депутаттар жашап жаткан 18 батир тууралуу маалыматка Н.Алимбековдун жардамчысы оң жооп берген, бирок 1 айдан ашык убакыт өтсө да, расмий жооп боло элек.

Бүгүн, 30-мартта кезектеги телефон чалууда жардамчысы кеңешчи Жолдубай Доробаевичке чалууну өтүндү, ал болсо суроону уккан соң телефондун трубкасын коюп койду.

Мыйзамга ылайык, суроого жооп 2 аптанын ичинде берилиши керек. Бирок 3 ай өткөнүнө карабай, АКИpress маалыматты алган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×