Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-январь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.03.2016 10:59

Ак-Талаада «Ак Мөөр - 2016» наамына талапкер сулуулар тандалды (фоторепортаж)

Turmush -  Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү райондогу сулуулар арасында «Ак Мөөр - 2016» сынагынын тандоо турун өткөрдү. Кечээ, 29-мартта өткөн сынакта жогорку класстагы окуучу кыздар саламдашуу, жан дүйнөнүн сулуулугун көрсөтүү, «Мен Соң-Көл перисимин» деген темада Ак Мөөр сулуунун элесин чагылдыруу жана салттуу саркеч кийимдердин үлгүсүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарып, интеллектуалдык тапшырманын суроолоруна жооп беришти.

Тандоо туруна 10 сулуу катышып, анын ичинен алтоо финалдык турга жолдомо алды.

«Сынакты Тарых жана маданият жылында Ак-Талаа жергесинен чыккан айтылуу Соң-Көл периси аталган Ак Мөөр апабыздын сулуулугун даңазалоо максатында өткөрүп жатабыз. Сынактын финалдык туру 1-апрелде өтүп, бул сынакта жеңип чыккандар «Манас, маданият жана туризм» фестивалында өтүүчү сулуулар сынагына жолдомо алышат.

Ошондой эле жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат», - деди маданият үйдүн башкы адиси Бурулсун Жабдасынова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×