Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 09:40

Өкмөт Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн жасалма протоколунун таратылышын «бекназаровдук» чагым деп атады

Turmush -  Өкмөттүн аппараты Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколу деп жасалма көчүрмөнүн социалдык тармактарда таратылышын кезектеги «бекназаровдук» чагым деп билдирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Социалдык тармактарда Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоонун башка өлкөгө таандык деп тааныды делген Азимбек Бекназаров ойлоп чыгарган жалган маалымат таратылууда. Мындай абсурддук маалыматтын таратылышы азыркы учурда айрым адамдардын чек аралар боюнча аяр маселени колдонуу менен КРнын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип жатканына карабай, саясий капитал топтоого болгон ачыктан-ачык чагымы деп атоого болот», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×