Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баткен облусу, Баткен 30.03.2016 10:04

Фоторепортаж - «Мисс Баткен-2016» наамынын ээси аныкталды

Turmush -  Баткен шаарында «Мисс Баткен-2016» наамынын ээси аныкталды. Кечээ, 29-мартта белгиленген убакыттан 3 саатка кечигип башталган сынактын финалдык туруна 14-26 жаштар арасындагы 15 талапкер жолдомо алган.

Электр жарыгы өчүп калып «Мисс Баткен-2016» сынагы 3 сааттан бери баштала элек (фото)

Аймактык кабарчы билдиргендей, калыстар тобунун курамында эстрада ырчысы Анжелика Бекболиева, Beauty Company Kyrgystan компаниясынын жетекчиси Р.Намазбекова да болду.

А 1

Сынактагы упайлардын жыйынтыгы менен «Биринчи вице-мисс» наамы Нурзат Болотбек кызына, «Экинчи вице-мисс» наамы Мээргүл Саматовага ыйгарылды. Ал эми баш байге — «Мисс Баткен-2016» наамын Изебелла Имарова ээледи.

Баш байгенин ээси бул сынактын республикалык туруна катышууга жолдомо алды.

Изабелла Имарова

А 3

Башка катышуучулар кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Катышуучулар:

Акимбай кызы Гүлбарчын, Баткендеги Көк-Таш айылы 

Б 1

Венера Кайназарова, Баткен шаары 

Б 2

Элиза Хакимова, Кадамжай району 

Б 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×