Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Баракелде, Бишкек 30.03.2016 09:01

Башкы прокуратура «Кербен» радиорелейлик станциясы боюнча протоколдун бурмалангандыгын текшерет

Turmush -  Кечээ, 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Аксы районунун Унгар-Тоосунда жайгашкан «Кербен» (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу аталган комитеттин бөлүмүнөн билдиришти.

Комитеттин мүчөлөрү бул маселе боюнча КРнын министрликтери менен ведомстволорунун маалыматтарын эске алып, КР өкмөтүнө Аксы районунун Унгар-Тоосунда жайгашкан «Кербен» (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана аталган станциянын ишмердүүлүгүн күчөтүүнү сунуштады.

Ошондой эле, бул маселелер боюнча Кыргызстандын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, КР Башкы прокуратурасына КР премьер-министринде болгон кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү жана жогоруда баяндалган маселелер боюнча толук маалыматтарды комитетке ушул жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүү тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×